Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 “Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Руда менен концентраттардагы алтындын курамын аныктоо механизмин өркүндөтүү, баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттардагы жана калдыктарды ташып чыгарууда эсептик контролду жүргүзүү максатында, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 “Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
1. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев