КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы №733 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн продукциянын шайкештигин баалоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 “Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Продукцияларды милдеттүү түрдө сертификациялоо жүргүзүү эрежелери жана тартиби жөнүндө жободо:

- 4.6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 4.6.11-пунктча менен толукталсын: 

“4.6.11 Сертификациялоо боюнча аккредитациялоо органынын аттестатынын жарактуулугу жокко чыгарылган учурда алар тарабынан мурда берилген сертификаттар алар берилген мөөнөттүн чегинде жарактуу болот, бирок аккредитациялоо боюнча органдын аккредитациялоо аттестатынын колдонулушу жокко чыгарылгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын улуттук аккредитациялоо системасынын реестрине жазуу киргизилген датадан эки жылдан ашык эмес.

Бул учурда мындай сертификаттардын жарактуулугу өзүнүн продукциясынын шайкештигин тастыктоону улантуу максатында өтүнмө ээлери кайрылган сертификациялоо боюнча башка органдар менен  сертификаттардын ээлеринин демилгеси боюнча белгиленген мөөнөткө чейин токтотулушу мүмкүн.”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:

1) 22-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер болуп саналбаган мамлекеттерден республикага ташып келинген автотранспорт каражаттарына Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген аккредиттелген лаборатория тарабынан берилген транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк (юридикалык жак же жеке ишкер катары катталган жеке жак тарабынан гана берилет);”;

2) 40-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерден Кыргыз Республикасына ташып келинген транспорт каражаттарын каттоо Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген аккредиттелген лабораториялар тарабынан берилүүчү документ (транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк) болгондо гана жүргүзүлөт. Транспорт каражаттарынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктү алууга юридикалык жактар же жеке ишкер катарында катталган жеке жактар гана арыз бере алышат.”.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019- 28-январындагы № 20 Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

“Евразия экономикалык комиссиясынын 2019-жылдын     16-июлундагы № 119 “Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2016-жылдын 26-январындагы № 11 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечимин ишке ашыруу максатында  2019-жылдын 12-августуна чейин колдонулган “Сүт жана сүттөн кайра иштетилген азыктардын коопсуздугу жөнүндө”, “Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарында катталган сериялык чыгарылуучу сүт жана сүт азыктарынын шайкештиги жөнүндө декларациянын колдонулуу мөөнөтү 2022-жылдын 12-августуна чейин узартылат.”;

2) 3 жана 4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“3.Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу органдар тарабынан же аккредитациялоо жааты декларациялануучу продукцияга жайылтылган сертификатташтыруу боюнча аккредиттелген органдар тарабынан ишке ашырылаары белгиленсин.

4. Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) бирдиктүү формадагы техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу органдар тарабынан же Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген, аккредитациялоо жааты декларациялануучу продукцияларга жайылтылган сертификатташтыруу боюнча аккредиттелген органдар тарабынан ишке ашырылаары белгиленсин.”;

3) 8-пунктунда:

- биринчи абзацындагы “Евразия экономикалык бирлигинин сертификаттоо боюнча органдарынын жана сыноо лабораторияларынын (борборлорунун) бирдиктүү реестрине” деген сөздөр “Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестри” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пунктчасындагы “2018-жылдын 20-мартындагы № 41” деген сөздөр алып салынсын;

- 2-пунктчасындагы “2017-жылдын 26-сентябрындагы № 127” деген сөздөр алып салынсын;

4) төмөнкүдөй мазмундагы 91-пунктча менен толукталсын:

“91. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча орган болгон сертификациялоо боюнча аккредитация органынын аттестатынын жарактуулугу жокко чыгарылган учурда шайкештик жөнүндө мурда катталган декларациялардын жарактуулугу алар катталган мөөнөттүн чегинде сакталат. Мында шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо мөөнөтүнүн жарактуулугу шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алган жактын демилгеси боюнча ал бүткөнгө чейин токтотулушу мүмкүн;

- шайкештик сертификатын берген же шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо боюнча орган болгон сертификациялоо боюнча аккредиттелген органдын аттестатынын жарактуулугу жокко чыгарылган учурда жана техникалык регламенттердин талаптарын сактоого мамлекеттик контролду (көзөмөл) жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан продукциянын милдеттүү коопсуздук талаптарына шайкеш келбегендиги табылган учурда шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алган өндүрүүчү/дилер, импортер же продукцияны сертификациялаган өтүнмө ээси үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына шайкештик жөнүндө декларациянын жарактуулугу же шайкештик сертификатынын жокко чыгарылганы (токтотулгандыгы) тууралуу расмий маалымдоого милдеттүү;

- Кыргыз Республикасынын экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы алынган маалыматтын негизинде Евразия экономикалык бирлигинин берилген шайкештик сертификаттарынын жана шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын бирдиктүү реестрине шайкештик жөнүндө декларациянын же шайкештик сертификатынын  токтотулганы (убактылуу токтотулганы) тууралуу жазууну киргизет жана бул жөнүндө контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдайт.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу