КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 596-токтому

2019-2022-жылдарда  Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө

Өлкөнүн экспорттук потенциалын  жана дүйнөлүк рынокто ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги  № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдар мезгилине “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын ишке ашыруунун алкагында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын   10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

2019-2022-жылдарда Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы, 1-тиркемеге ылайык;

2019-2022-жылдарда Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүүгө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

 - республикалык бюджетти жыл сайын түзүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүүдө Иш-чаралар планын ишке ашырууга чыгымдарды каржылоону  карашсын.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча):

- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен  Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине Иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча маалыматты жалпылоо үчүн берип турушсун.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.

5. Иш-чаралар планынын сапаттуу жана өз учурунда аткарылышына мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчиликтери белгиленсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар  бөлүмүнө жүктөлсүн.

7.   Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев