Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызматтык тартипти камсыздоо маселелерине бирдиктүү мамиле кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) тартиптик уставы (4-тиркеме) күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-июлундагы № 464 “Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелеринин тартиптик уставын бекитүү жөнүндө” токтому;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-июлундагы № 464 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелеринин тартиптик уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-октябрындагы № 594 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 79 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
21-январындагы № 38 токтому;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 556 “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө” токтому;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 822 токтому;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 556 “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 265 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 “Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 10-пунктунун 4-пунктчасы;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 556 “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтому;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
29-январындагы № 30 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын аскердик кызматты өтөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун
4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 207 “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө жана кызматтык тартип чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 245 токтому;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 325 токтомунун 1-пунктунун 2-пунктчасы;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы № 539 токтомунун 1-пунктунун
3-пунктчасы.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын талаптарын бардык кызматкерлеринин сактоолорун камсыздашсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 3-февралынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев