КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 589-токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 465 «Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууларды лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктарды Бишкек шаарынын мэриясына берүү жөнүндө» токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин «Транспорт жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» жана «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын  16-августундагы № 465 Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууларды лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктарды Бишкек шаарынын мэриясына берүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу