КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 113 токтому

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн инновациялык ыкмаларын киргизүү боюнча «Мамлекет платформа катары» пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө   

Кыргыз Республикасында колдонуучуга багытталган санариптик платформаларды жана тейлөөлөрдү ишке киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети:

1) 2020-жылдын 11-мартынан 31-декабрына чейинки мезгилде «Мамлекет платформа катары» пилоттук долбоорун ишке ашырсын;

2) пилоттук долбоорду ишке ашырууга байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин;

3) пилоттоштуруунун катышуучуларынын реестрин түзсүн жана дайым актуалдаштырып турсун;

4) пилоттук долбоорду ишке ашыруу жана пилоттук долбоордун алкагында жеткиликтүү болгон кызмат көрсөтүүлөрдү жана тейлөөлөрдү санариптик формада пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө калк арасында түшүндүрүү жана маалымат берүү иштерин жүргүзсүн; 

5) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер менен бирдикте ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн; 

6) пилоттоштуруунун катышуучуларына жеке мүнөздөгү маалыматтардын Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык берилишине мамлекеттик санариптик платформанын деңгээлинде мониторинг жана контроль жүргүзүүнү камсыз кылсын; 

7) пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда 2020-жылдын 30-декабрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик санариптик платформа аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды туруктуу негизде көрсөтүүнүн тартибин караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизсин.   

2. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилине төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн убактылуу тартиби, 1-тиркемеге ылайык; 

2) Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөргө жана тейлөөлөргө суроо-талап берген колдонуучуларды техникалык колдоонун убактылуу тартиби, 2-тиркемеге ылайык. 

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  


Премьер-министр                                                                   М.Д.Абылгазиев