КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацы “аныкталуучу тиешелүү басылмаларда” деген сөздөрдөн кийин “же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан аныкталуучу атайын көрүнүктүү жерлерде (такталарда, стенддерде)” деген сөздөр менен толукталсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

11- пунктунда:

- экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү “айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы” деген сөздөрдөн кийин “, калкынын саны 6001 адам жана андан жогору болгон айыл аймактарындагы айылдык кеңештин жооптуу катчысын конкурстук тандоодо тиешелүү айылдык кеңеш тарабынан аныкталуучу айылдык кеңештин депутаты” деген сөздөр менен толукталсын;

- сегизинчи абзацындагы “айыл өкмөттөрүндө” деген сөздөр “айыл аймактарында” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- он экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Райондук маанидеги шаарларда, калкынын саны 6001 адам жана андан жогору болгон айыл аймактарында тиешелүү түрдө шаардын мэриясынын жана шаардык кеңештин, айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин биргелешкен конкурстук комиссиясы түзүлөт.”;

- төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:

“Калкынын саны 6001 адам жана андан жогору болгон айыл аймактарындагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы кызмат ордуна конкурстук тандоону өткөрүүнү уюштуруучулук камсыздоо тиешелүү айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлөт.”.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:

31 

Айылдык кеңештин төрагасы (калкынын саны 20001 адам жана андан жогору болгондо) 

2.7

     ”;

- жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

1

Айыл өкмөтү, айылдык кеңештер (калкынын саны 6001 адам жана андан жогору болгондо) жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары

1,0

     ”.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте карасын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирүүчү 3-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                              М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу