Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
4-пунктундагы “79” деген цифралар “91” деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү сунушталсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев