2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган, 2011-жылдын 22-июнундагы Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын бириктирилген коллегиясы жөнүндө келишимге Өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында расмий тилде кол коюлган, 2011-жылдын 22-июнундагы Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын бириктирилген коллегиясы жөнүндө келишимге Өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев