Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 “Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 “Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салынган дары-дармек жана медициналык каражаттардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 28-32-пункттар менен толукталсын:
“
28. | Хирургиялык операцияларды жүргүзүүдө бейтаптар жана медициналык персонал пайдаланган бир жолку халаттар | 6210 10 920 0 |
29. | Медицина үчүн пайдаланган коргоочу костюмдар же медициналык халаттар | 6203 39 900 0 6210 10 980 0 6211 32 100 0 6211 33 100 0 6211 43 100 0 6211 49 000 9 |
30. | Медициналык максатта пайдалануу жана вирустук оорулардан коргоо үчүн арналган биологиялык коргоочу костюмдар | 62ден |
31. | Дем алуучу башка жабдуулар жана газ маскалары, механикалык бөлүктөрү жана алмаштыруучу чыпкалары жок коргоочу маскалардан тышкары. Респиратордук маскалар | 9020 00 000 0 |
32. | Медициналык коргоочу көз айнектер | 9004төн |
”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев