КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 152 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-февралындагы № 81 «Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоорун бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ун тартуучу ишканаларын колдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-февралындагы № 81 «Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоорун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

«данды жана азык-түлүк буудайды кайра иштетүүчү ишканалар үчүн:

- пайыздык ставка - жылына 3,5 пайыз, кийин ушул ишканаларга жылына 8 пайыз менен кайра кредит берилет;

- айыптык санкциялар – жылына 7 пайыз, мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасына эсептелет;

- карыздын негизги суммасын төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил - 8 ай, жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин карызды жоюунун мезгилдери – ай сайын бирдей үлүштөр менен;

- эсептелген пайыздарды жоюунун мезгилдери – ай сайын;

- кайтаруу мөөнөтү – 12 ай;

- күрөөлүк камсыздоо – кредиттик портфель;»;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоорунда:

- «Долбоордун баяндалышы» бөлүмүндө:

бешинчи абзацындагы «өндүрүүчүлөрүнө кредит берилет (ФСХ-Кластер)» деген сөздөр «өндүрүүчүлөрүнө (ФСХ-Кластер),  данды жана азык-түлүк буудайды кайра иштетүүчү ишканаларга кредит берилет» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

таблицасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«

Максаттуу багыты

«АЧК-Фермер», «АЧК-Кластер» категориялары боюнча айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө, тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларына айыл чарба продукцияларынын төмөнкү түрлөрү боюнча мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү: сүт, эт, жүн, бал, балык, жашылча, картошка, жемиш (уруктуу, данектүү), мөмөлөр (дан куурай, кулпунай, карагат), техникалык өсүмдүктөр (пахта, тамеки), май чыгаруучу өсүмдүктөр, төө буурчак жана башка айыл чарба өсүмдүктөрү

Кредиттин өлчөмү жана мөөнөтү, сом менен

Кредиттин суммасы:

1) «АЧК-Фермер»: 

- 150 миң сомго чейин 18 айга чейинки мөөнөткө, күрөөсүз негизде каржылоо; 

- 150 миң сомдон 1 млн сомго чейин, 36 айга чейинки мөөнөткө;

2) «АЧК-Кластер» – 1 млн сомдон 10 млн сомго чейин, 36 айга чейинки мөөнөткө;

3) тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары үчүн – негизги каражаттарды сатып алууга – 1 млн сомдон 50 млн сомго чейин – 60 айга чейинки мөөнөткө, жүгүртүү каражаттарына – 36 айга чейинки мөөнөткө;

4) данды жана азык-түлүк буудайды кайра иштетүүчү ишканалар үчүн – 10 айга чейинки мөөнөткө

Кредит алуунун негизги шарттары жана категориялардын мүнөздөмөлөрү

1. «АЧК-Фермер» үчүн: 

- жеке фермерлер, анын ичинде жеке жактар;

- адистештирилген топторго (айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн чыгаруу), кооперативдерге бириккен фермерлер артыкчылыкка ээ болушат;

- мал чарба секторунда – төмөнкүдөй шарттардын бири болгон учурда: 

а) ири мүйүздүү малдын 5 баштан кем эмес болуусу; 

б) кой-эчкинин 10 баштан кем эмес болуусу; 

в) 2 жылкыдан кем эмес болуусу; 

г) 100 канаттуудан кем эмес болуусу; 

д) балык чарба жана балчылык үчүн чектөөлөр жок; 

- өсүмдүк өстүрүү секторунда – 5 га чейин айыл чарба багытындагы жерлердин болуусу. 

2. «АЧК-Кластер» үчүн: 

- КНЧга, кластердик өндүрүш системасына катышуу;

- өзүнүн продукциясын берүү үчүн кайра иштетүүчү ишканалар, жеткирип берүүчүлөр жана дистрибьюторлор менен түзүлгөн келишимдердин болуусу.

Өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүндөгү кредиттин бардык категориялары үчүн милдеттүү шарттар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- айыл чарба багытындагы жеке менчик же ижарага алынган жердин болуусу, мындай жердин бар экендигин тастыктаган документ (мамлекеттик акт, күбөлүк, ижара келишими, сатуу-сатып алуу келишими ж.б.);

- Кыргыз Республикасынын резиденти;

- юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда талаптагыдай каттоодо турушу.

Мал чарба секторундагы кредиттин бардык категориялары үчүн милдеттүү шарттар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- айыл чарба жаныбарларын багуу жана көбөйтүү үчүн бардык керектүү шарттардын, анын ичинде кышкы мезгилде тоюттарды сактоо шарттардын болуусу;

- Кыргыз Республикасынын резиденти;

- юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда талаптагыдай каттоодо турушу

Каржылоо түзүмү

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги карыжлоочу жана «Айыл Банк» ААК менен
 «РСК Банк» ААК тең каржылоочу каражаттар төмөнкүлөргө кредит берүүгө багытталат:

1) тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканаларга жана «АЧК-Кластерге» – 800 млн сом (600 млн сомов – республикалык бюджет, 100 млн сомдон – банктардын тең каржылоосу) төмөнкүдөй катышта:

- «АЧК-Кластер» – 50 %дан ашык эмес;

- тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканалар – 50 %дан кем эмес;

2) данды жана азык-түлүк буудайды кайра иштетүүчү ишканалар – 800 млн сом (400 млн сом – республикалык бюджет, 200 млн сомдон – банктардын тең каржылоосу)

«АЧК-Фермер» категориясы (субсидиялоо): 

- мал чарбачылыгы – 50%дан кем эмес; 

- өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык – 50%дан ашык эмес

Акыркы пайыздык ставка

10 пайыз – «АЧК-Фермер» үчүн;

8 пайыз – «АЧК-Кластер» жана данды жана азык-түлүк буудайды кайра иштетүүчү ишканалар үчүн;

6 пайыз – тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн

Жеңилдетилген мезгил

Карыздын негизги суммасын жоюу боюнча төлөмдөн толук бошотуу:

«АЧК-Фермер» категориясы үчүн – 12 айга чейин;

данды жана азык-түлүк буудайды кайра иштетүүчү ишканалар үчүн – 6 айга чейин


».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу