Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
“Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча нускама, 1-тиркемеге ылайык;
- Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускама, 2-тиркемеге ылайык;
- Товарларды бажы контролунда убактылуу сактоо жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык;
- Бажылык коштоо жөнүндө жобо, 4-тиркемеге ылайык;
- Эркин кампа жөнүндө жобо, 5-тиркемеге ылайык;
- Бажы өкүлүнүн кызматкерлерине квалификациялык талаптар, 6-тиркемеге ылайык;
- Убактылуу сактоо кампаларынын жана бажы кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдуусуна жана иштөө режимине талаптар, 7-тиркемеге ылайык;
- Бажы контролунун зонасын түзүү жана белгилөө тартиби,
8-тиркемеге ылайык;
- Бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонуу тартиби, 9-тиркемеге ылайык;
- Бажылык экспертиза дайындоо, бажылык экспертиза жүргүзүүдө сынамдарды жана үлгүлөрдү тандоо тартиби, 10-тиркемеге ылайык;
- Кош коридор системасын колдонуу менен товарларды бажылык контролдоо тартиби, 11-тиркемеге ылайык;
- Бажылык текшерүү тартиби, 12-тиркемеге ылайык;
- Конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн же өндүрүп алынган чет өлкөлүк товарларды, ошондой эле бажы органдары тарабынан кармалган товарларды сатуу же жок кылуу тартиби, 13-тиркемеге ылайык;
- Бажы ишинин маселелери жана бажы органдарынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча консультация берүү тартиби, 14-тиркемеге ылайык;
- Бажы органдарына бажы иши чөйрөсүндө иштеген адамдардын жана чет өлкөлүк товарларды пайдаланган жана/же аларга ээлик кылган адамдардын отчёт берүүсүнүн формалары, 15-тиркемеге ылайык;
- бажы документтеринин формалары, 16-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасына (ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдерди кабыл алуу тартиби тууралуу жобо, 17-тиркемеге ылайык;
- Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык текшерип кароону жана кароону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча нускама, 18-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун тогузунчу – он биринчи, он төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Мамлекеттик органдардын бажылык контроль жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү үчүн тартылган адистерине чыгымдарынын ордун толтуруунун тартиби;
- Контролдонуучу тапшырууну ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды алып коюунун же алмаштыруунун тартиби;
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин ант берүүсүнүн тартиби;
- Бажылык кампанын бажылык режимине жайгаштырууга тыюу салынган товарлардын тизмеси.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 8 “Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүү үчүн алып келүүнүн тартиби жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун натыйжаларын таануу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- преамбуласындагы “Кыргыз Республикасында” деген сөздөр алып салынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи – төртүнчү, алтынчы – сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1 – 3, 5 – 7-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө “токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи, бешинчи – сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1, 4 – 7-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
- Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 185 “Бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 217 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 185 “Бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 524 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтомунун
3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 606 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын
28-декабрындагы № 961 “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомунун экинчи жана үчүнчү абзацтары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-декабрындагы № 697 “Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу бажы документтеринин формаларын киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июлундагы № 504 “Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-февралындагы № 65 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 229 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 618 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 75 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 276 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 282 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
8. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып эки жыл өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү Бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптардын 12-пунктунун 1-пунктчасын, 13-пунктунун 1-пунктчасын, Эркин кампа жөнүндө жобонун 18-пунктунун 5-пунктчасын жана Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча нускаманын 114-пунктунун сегизинчи абзацын кошпогондо ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев