КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 155 токтому

Социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө 

Дүйнө жүзүндө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу калкка социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларынын экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын  22-апрелиндеги № 242 “Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички рыногунда мамлекеттик убактылуу жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмесине киргизилген социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларына ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып токсон календардык күндөн ашпаган мөөнөткө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилсин.  

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген Социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык баалардын максимумдук деңгээлин белгилөө менен мамлекеттик жөнгө салуу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн. 

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбей Евразия экономикалык комиссиясын белгиленген тартипте кабарласын. 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн. 

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                        М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу