КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 163 токтому

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө

Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алууну күчөтүү жана калк арасында санитардык-эпидемиологиялык дурус абалды камсыздоо максатында, “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Коронавирустук инфекция (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин төмөнкүлөр убактылуу токтотулсун:

-   маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;

-   көңүл ачуучу жайлардын иши;

-   соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын, коомдук тамактануу түйүндөрүнүн иши;

-   кинотеатрлардын, театрлардын, музейлердин, көргөзмө залдарынын жана галереялардын, маданий-агартуучу жана башка жайлардын иши;

-   50дөн ашык орундуу коомдук тамактануу түйүндөрүнүн иши;

-   спорттук-ден соолукту чыңдоочу борборлордун, спорттук секциялардын, коомдук мончолордун, сауналардын, бассейндердин иши;

-   интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын иши.

2. Жеке жактарга жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга:

-   чектөө алып салынганга чейин ушул токтомдун 1-пунктунда аталган иш-чараларды өткөрүүгө жана катышууга, көрсөтүлгөн объекттерге барууга тыюу салынсын;

-   жайларга жана залдарга санитайзерлерди, аба тазалагычтарды орнотушсун, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздашсын;

-   Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарын аткарышсын.

3. Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары калк арасында төмөнкүдөй маалыматтык кампанияны күн сайын  жүргүзүп турушсун:

-   калктын социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгы жөнүндө;

-   жеке гигиена эрежелерин сактоонун зарылдыгы жөнүндө;

-   Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарын аткаруунун зарылдыгы жөнүндө.

4. Карантинге байланыштуу балдары (камкордуктагылар) окуу жайларга барбаган ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) ушул токтомдун
 1-пунктунда аталган жерлерге балдардын (камкордуктагылардын) баруусуна жол беришпесин. 

5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

-   калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мекемелерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылуу боюнча тийиштүү чараларды көрүшсүн;

-   ушул токтомдун жоболорун сактоо жөнүндө калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн; 

-   ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы № 146 “Маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.  

Премьер-министр                                                               М.Д.Абылгазиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу