Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 “Кыйыр салыктар боюнча салык отчетунун, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формаларын жана аларды толтуруу тартиптерин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 14-июнундагы № 73 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 “Кыйыр салыктар боюнча салык отчетунун, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формаларын жана аларды толтуруу тартиптерин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыйыр салыктар боюнча отчёттун “Контролдук баалардын минималдык деңгээли колдонула турган товардык позициялардын реестри” (FORM STI-123-002-1) 21-тиркемеси, “Импортко акциз салыгы боюнча отчет” (FORM STI-123-004) 4-тиркемеси, “Тамеки продукциясы боюнча операциялар” (FORM STI-123-006) 6-тиркемеси, “Акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү/ташып кетүү жөнүндө кабарлоолордун реестри” (FORM STI-123-008) 8-тиркемеси ушул токтомдун 1-4-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасын толтуруу жана берүү тартибинде:
- 5211-5214 -пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5211. 10-графада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган, алар үчүн КБМД белгилене турган Товарлардын тизмесине ылайык толтурулуучу ченөө бирдиги көрсөтүлөт.
5212. 11-графада КБМД колдонулгандан кийин товардын наркынын айырмасы көрсөтүлөт. Айырманы эсептөө төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт: (8-графанын көрсөткүчү – 7-графанын көрсөткүчү) х 9-графанын көрсөткүчү = 11-графанын көрсөткүчү.
5213. 12-графада КБМДны колдонууну эске алуу менен кошумча эсептелген КНСтин суммасы 11-графада көрсөтүлгөн товарлардын наркындагы айырмага карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте көрсөтүлөт.
5214. 9, 11 жана 12-графалар боюнча “Ушул бет боюнча жалпы” сабынын мааниси Реестрдин ар бир барагы боюнча бөлүнүп чыгарылышы керек. Реестрдин акыркы барагында “Реестр боюнча бардыгы” сабы ушул жана акыркы беттери боюнча жыйынтыктардын суммасын чыгаруу аркылуу көрсөтүлөт.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5215-пункт менен толукталсын:
“5215. 11 жана 12-графалардын жыйынтык маанилери Отчеттун 1-тиркемесинин (FORM STI-123-001) 198-сабына көчүрүлөт.”;
- 69-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“69. 402-уячага Отчеттун 6-тиркемесинде (FORM STI-123-006) көрсөтүлгөн тамеки продукциясына кошуп эсептелген акциз салыгынын жыйынтык суммасы көчүрүлөт. “Салык салынуучу көлөм” графасында маалыматтарды көрсөтүү учурунда, сигареттердин жана сигариллалардын саны миң даанада көрсөтүлөт, сигаралар - даана менен, ысытылуучу тамекиси бар буюмдар жана тамеки камтыган башка буюмдар - килограмм менен, никотин камтыган суюктук - миллилитр менен көрсөтүлөт.”;
- 75-пункту “тонна” деген сөздөн кийин “, миллилитр” деген сөз менен толукталсын;
- 89-92-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“89. 1-графада отчеттук мезгил ичинде ташып келинген тамеки продукциясынын түрлөрү (чыпкалуу сигареттер, чыпкасыз сигареттер, сигаралар, сигариллалар, ысытылуучу тамекиси бар буюмдар (ысытылуучу тамеки таякчасы, ысытылуучу тамеки капсуласы ж.б), ферменттелген тамекини кошпогондо, электрондук сигареттерде, тамеки камтыган башка буюмдарда аткаруу үчүн картриждерде, резервуарларда жана башка контейнерлерде никотин камтыган суюктук) көрсөтүлөт.”.
90. 2-графада импорттолуучу акциздик товарлардын ТЭИ ТН он орундуу коду көрсөтүлөт.
91. 3-графада өлчөө бирдиги көрсөтүлөт (1000 даанада, килограммда, миллилитрде).
92. 4-графада тамеки продукциясынын ар бир түрүнө акциз салыгынын ставкасы көрсөтүлөт.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 921-пункт менен толукталсын:
“921. 5-графада алып келинүүчү тамеки продукциясынын салык салынуучу көлөмү көрсөтүлөт.”;
- 93-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“93. 6-графада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесине ылайык эсептелген акциз салыгынын суммасы чагылдырылат. 5 жана 6-графалардын жыйынтык мааниси Отчеттун “Акциздик салык боюнча отчет” 4-тиркемесинин (FORM STI-123-004) 402-уячасына көчүрүлөт.”;
- 116-пункту “даана,” деген сөздөн кийин “мл, ” деген сөз менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев