КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 165 токтому

“Бир терезе” принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүүчү көмөктөшүү тобу жөнүндө

“Эл аралык чукул жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. “Бир терезе” принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүүчү көмөктөшүү тобу жөнүндө” жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                М.Д.Абылгазиев



Тиркемелер

Басып чыгаруу