КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 173 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 238 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фондору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын  11-апрелиндеги № 238 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын ‒ облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фондору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) мамлекеттик тилдеги аталышынын текстиндеги “фондору” деген сөз “фонддору” деген сөз менен алмаштырылсын;

2) аталышындагы жана 1-пунктундагы “жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун” деген сөздөр “Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын райондорунун” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) 2-пунктунун экинчи абзацындагы “жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын ‒ облустардын губернаторлорунун” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын ‒ облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фондору жөнүндө жободо:

- мамлекеттик тилдеги аталышынын текстиндеги “фондору” деген сөз “фонддору” деген сөз менен алмаштырылсын;

- аталышындагы жана 1-пунктундагы “жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун” деген сөздөр “Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын райондорунун” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2 жана 3-пункттарындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы “облустардын губернаторлорунун” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацындагы “облустардын губернаторлорунун резервдик фонддору” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фонду” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пунктундагы “жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пунктундагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары - облустардын губернаторлору” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү” деген сөздөр менен   алмаштырылсын;

- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

“- эпидемиялык кырдаалдын пайда болуу коркунучуна жол бербөөгө байланыштуу иш-чараларды каржылоого;”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Премьер-министр


М.Д.Абылгазиев