Калктын ден соолугун коргоону камсыздоо, Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (COVID-19) кирүүсүн алдын алуу жана андан ары жайылышына жол бербөө боюнча чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 16-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” жана “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2020-жылдын 20-мартынан, 00 саат 00 мүнөттөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругу расмий түрдө жокко чыгарылганга чейин Кыргыз Республикасына/нан бардык эл аралык регулярдуу авиарейстерге, аба транспорту менен жүк ташуулардан жана Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана андан ары жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын чечими боюнча чартердик авиарейстерден, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча төмөнкү авиарейстерден тышкары чектөө киргизилсин:
- Москва–Бишкек–Москва (“Аэрофлот” коомдук акционердик коому) – жумасына 1 жолу;
- Ош–Москва–Ош (“Авиа Траффик Компани” жоопкерчилиги чектелген коому) – жумасына 1 жолу;
- Новосибирск–Бишкек–Новосибирск («Авиакомпания «Сибирь» ачык акционердик коому) – жумасына 1 жолу.
2. Кыргыз Республикасына жогоруда көрсөтүлгөн убакыттан мурда учуп чыккан бардык авиарейстерге, авиарейсти аткарууга уруксат берилет.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругун ишке ашырууга байланыштуу кызыкчылыктары козголушу мүмкүн болгон тийиштүү авиакомпанияларды ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык көрүлгөн чаралар тууралуу кабарласын.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев