КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-мартындагы № 92-б буйругу

Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 114 жана 115-беренелерине,  «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча) үчүн 2020-жылдын 22, 28, 29-марты,  4, 5, 7, 11, 12-апрели иш күндөрү деп белгиленсин.   

2..Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын  (макулдашуу боюнча) жетекчилери:

-.Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык ушул буйруктун 1-пунктунда аталган иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин (кызматчылардын) тизмесин аныкташсын;    

- ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды ыкчам тартипте көрүшсүн.   

3. Бюджеттик мекемелерди тейлеген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына төмөнкүлөр сунушталсын:   

- 2020-жылдын 22, 28, 29-мартын, 4, 5, 7, 11, 12-апрелин иш күндөрү деп жарыялоо;   

- Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык ушул пункттун экинчи абзацында аталган иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо;

- ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды ыкчам тартипте көрүү.  

4..Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев