КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 595-токтому

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын гидротехникалык курулмалар комплекси менен эксплуатациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын тиешелүү түрдө эксплуатациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-июлундагы № 414 “Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун экинчи абзацы “жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын” деген сөздөрдөн кийин “, ушул токтомдун 2 жана 21-пункттарында аталган учурларды кошпогондо,” деген сөздөр менен толукталсын;

-   төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

“21. Ушул токтомдун 1-пунктунун иш-аракети Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын эксплуатациялоо үчүн башкармалык түзүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жайылтылбайт.”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-     жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

6-пунктундагы “4880” жана “4594” деген цифралар тиешелүү түрдө “4903” жана “4617” деген цифраларга алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-      жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

6-пунктундагы “964” жана “911” деген цифралар тиешелүү түрдө “974” жана “921” деген цифраларга алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу