КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 594-токтому

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттешүү тартибин жана квалификациялуу юридикалык жардамды алууга адамдын укугун ырастаган документтердин тизмегин бекитүү жөнүндө

«Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 23-беренелерин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттешүү тартиби 1 - тиркемеге ылайык;

- Квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын укугун ырастаган документтердин тизмеги 2 - тиркемеге ылайык.

 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


 Премьер-министр                                                                 М.Д.Абылгазиев