КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 токтому

Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) мындан ары жайылуусуна жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо максатында, “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө”, “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө”, “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Ушул токтом расмий жокко чыгарылганга чейин фармацевттик жана ишкердик иш-аракеттер субъекттерине төмөнкүлөргө уруксат берилсин:

- Кыргыз Республикасынын Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесине  (мындан ары – Улуттук тизме) жана/же Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген коронавирус инфекциясына диагноз коюу жана дарылоо үчүн зарыл болгон дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесине (мындан ары – Тизме) киргизилген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды (мында алып келинген дары каражаттары жана медициналык буюмдар ѳндүрүүчүнүн ѳлкѳсүндѳ катталган болушу керек) мамлекеттик каттоосуз алып келүүгө;

- ушул токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацында аталган дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды алып келүүгө, тѳмѳнкүлөр жок болгон учурда: 

мамлекеттик жана расмий тилдерде таңгагынын маркалоосу  –        мамлекеттик жана/же расмий тилдерде стикерди колдонуу менен;

мамлекеттик жана расмий тилдердеги медициналык колдонуу боюнча 

нускамасы − мамлекеттик же расмий тилге котормосун камсыз кылуу менен;

- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, Улуттук тизмеге жана/же Тизмеге киргизилген, маркаланышы боюнча жана/же медициналык колдонуу боюнча нускамада катталгандардан айырмасы бар дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды алып келүүгө;

- медициналык бет каптарды лицензиясы жок жана мамлекеттик каттоосу жок чыгарууга жана сатууга.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сапатына баалоо жүргүзүүнү ыкчам тартипте камсыз кылсын;

 - ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн.   

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                             М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу