Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө
Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү боюнча ишти уюштуруунун бирдиктүү тартибин аныктоо жана аларды чыгарып жиберүү боюнча чыгымдарды “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 191-беренесине ылайык каржылоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү боюнча нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тиешеси бар мамлекеттик органдардын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев