Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнѳ караштуу Курчап турган чѳйрѳнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин штаттык санын оптималдаштыруу жѳнүндѳ
«Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-98-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Ушул токтомдун 1-тиркемесинде аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддору жоюлсун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин борбордук аппаратына 7 штаттык бирдиги финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен, аймактык башкармалыктарга 7 штаттык бирдиги өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 14-пунктундагы «56», «1737» жана «132» деген цифралар тиешелүү түрдө «63», «1723» жана «139» деген цифралар менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пунктунун алтынчы жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
жогорудагы токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:
- 6-пунктунун 5-пунктчасынын экинчи абзацындагы «жана жергиликтүү жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынан» деген сөздөр «бюджеттен» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пунктунун он төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2015-жылдын
7-апрелиндеги № 201 «Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана преамбуладагы «Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой» деген сөздөр «Токой» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 1-пунктунда:
төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
алтынчы абзацындагы «Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун,» деген сөздөр алып салынсын;
жетинчи абзацындагы «Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун,» деген сөздөр алып салынсын.
2-пунктунун биринчи абзацындагы, 3, 3-1 жана 4-пункттарындагы «Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой» деген сөздөр «Токой» деген сөз менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтомдун 1-1 жана 2-1-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
- аталышындагы «Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой» деген сөздөр «Токой» деген сөз менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлеринин эмгек стажын белгилөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы «Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун, токой» деген сөздөр «Токой» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунда:
экинчи-төртүнчү абзацтарындагы «Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунда,» деген сөздөр алып салынсын;
бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- расмий тилдеги тексттин 5-пунктундагы «Республиканского и местных фондов охраны природы и развития лесной отрасли,» деген сөздөр алып салынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте:
1) бир айлык мөөнөттө түзүмүн жана штаттык санын ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) жоюу комиссиясы түзүлсүн жана үч айлык мөөнөттө ушул токтомдун 1-тиркемесинде аталган мамлекеттик мекемелерди жоюу жол-жобосун жүргүзсүн;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 400 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 696 «Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорун түзүү жана каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
3) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 696 «Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорун түзүү жана каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-сентябрындагы № 493 токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2, 3 жана 8-пункттары.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев