КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтому

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү алкагында жүргүзүлүп жаткан салык саясатынын ырааттуулугун камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын жүрүшүн эсепке алууну жана контролдоону тартипке салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 306 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1561 жана 282-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

2-пунктунун экинчи абзацындагы “апрелинен” деген сөз “июлунан” деген сөзгө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 161 “Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктунда “апрелинен” деген сөз “июлунан” деген сөзгө алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-августундагы № 426 “Маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоор жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктунда “мартына” деген сөз “июнуна” деген сөзгө алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы № 482 “Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

  1. 1-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын формасы (FORM STI-162), 3-тиркемеге ылайык.”;

  • 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2020-жылдын 1-июлунан тартып – электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды;”;

8-пунктунда “апрелинен” деген сөз “июлунан” деген сөзгө алмаштырылсын;

  • жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                           М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу