КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы № 188 токтому

Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүүнү, стабилдүү жана ишенимдүү иштешин камсыздоо, акча каражатынын тартыштыгын жабуу жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында, «Энергетика жөнүндө», «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын төмөнкүлөр боюнча орто мөөнөттүү тарифтик саясаты бекитилсин:

- 2020-2022-жылдарга карата электр энергиясына, 1-тиркемеге ылайык;

- 2020-2022-жылдарга карата жылуулук энергиясына, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик акыркы керектөөчүлөр үчүн электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди белгиленген тартипте бекитсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

- 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 «Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө»;

- 2015-жылдын 20-майындагы № 305 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 «Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;

- 2015-жылдын 24-июлундагы № 527 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 «Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»;

- 2016-жылдын 1-августундагы № 421 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 «Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;

- 2017-жылдын 22-июнундагы № 396 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 «Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;

- 2018-жылдын 16-январындагы № 27 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 «Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу».

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                    М.Д.Абылгазиев