Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ченемдик укуктук актыларды соттук-укуктук реформалардын алкагында кабыл алынган кодекстерге ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруучу аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына ыйгарым укук берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө ”буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жободо:
1) 85-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“85. Баштапкы документтерди алып коюу, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, тергөө судьясынын чечиминин негизинде алгачкы текшерүү органдары жана тергөөчү тарабынан гана жүргүзүлүшү мүмкүн, өзгөчө учурларда, алып коюу тергөө судьясынын чечимисиз жүргүзүлөт, бирок кийин алып коюу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо жөнөтүлүшү керек. ”;
2) 315-пунктта “административдик”деген сөз алынып салынсын;
3) 378-пунктта:
- 12311400-элементте “Административдик” деген сөз алынып салынсын;
- 1422-топчодо “Административдик жыйымдар” деген сөздөр “Жыйымдар” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 1431-топчодо, 14311-эсеп-чотто жана 14311100-элементте “Административдик айыптар” деген сөздөр “Айыптар” деген сөз менен алмаштырылсын;
4) 382-пунктта “административдик” деген сөз алынып салынсын.
2.Ички аудит жанабухгалтердик эсеп методологиясы башкармалыгы:
1) бул буйрук катталгандан кийин үч жумушчукүндүн ичинде “Эркин-Тоо”гезитинемамлекеттик жана расмий тилде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнжана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына жарыяласын;
2) бул буйрукту расмий жарыяланганкүндөн тартыпүч жумушчукүндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүүчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилсин.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Министр | Б.Ж.Жеенбаева |