КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтому

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жана жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жана жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жана жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы:

  - ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн;

  - өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

  4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                     М.Д.Абылгазиев