Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын, инфекциялык жана мите оорулар боюнча эпидемиялык абал оорлошкон өзгөчө кырдаал жана табигый кырсыктар жаралган учурларда эпидемияга каршы жана профилактикалык иш-чараларды ыкчам уюштурууну камсыздоо, карантиндик жана өзгөчө кооптуу ооруларга эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө каражаттарды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Жобого ылайык эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттардын максаттуу пайдаланылуусун камсыз кылышсын.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- саламаттык сактоо системасындагы кызматкерлерге жана COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүү ишине тартылган башка кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлерине 2020-жылдын 1-мартынан 22-мартына чейинки мезгилде бир күнгө 500 (беш жүз) сомдон жүргүзүлгөн төлөмдөр компенсация түрүндөгү кайтарымсыз төлөмдөр болуп эсептелет;
- саламаттык сактоо системасындагы кызматкерлерге жана COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүү ишине тартылган башка кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлерине компенсация түрүндө бериле турган кайтарымсыз төлөм жеңилгис күчтүн жагдайларына байланыштуу кайтарымсыз алынган сумма болуп эсептелет.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 47 «Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик акча каражаттарды сарптоонун жана эпидемияларга каршы күрөшкө жиберилчү медициналык жана башка кызматкерлердин командировкаларына төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» токтомунун 64-пункту.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 22-мартынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев