КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 207 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 «Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 «Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-   Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салынган дары-дармек жана медициналык каражаттардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

«*** 6307 90 980 0 ЕАЭБ ТЭИ ТН коду менен классификацияланган коргоочу маскалар жана медициналык эмес багыттагы респираторлор ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерине төмөнкүлөрдүн негизинде экспорттолот:

-   Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин экспорттолуучу товар медициналык максатта колдонулбай тургандыгы жана медициналык буюм болуп саналбай тургандыгы жөнүндө расмий маалыматынын;

-   товар Кыргыз Республикасынан чыгарылгандыгы жөнүндө сертификаттын.».

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                   М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу