Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 «Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жер казынасын пайдалануунун өткөөл мезгилин белгилөө жана үзгүлтүксүз өндүрүштүк процессин камсыздоо, ошондой эле ички жоболорду шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Републикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 «Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө» - токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 11 -пункт менен толукталсын:
«11. Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн тартибинин 4-пунктунун төртүнчү абзацы жана 13-пунктунун биринчи абзацы менен каралган испекциялык компанияга карата ISO/IEC 17020 стандарты боюнча аккредитациялоо талаптары 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып колдонулат.»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн тартибинде:
- 4-пунктунун төртүнчү абзацындагы «Инспектордук агенттиктердин эл аралык федерациясынын мүчөсү болгон жана» деген сөздөр алып салынсын;
- 13-пунктунун:
экинчи абзацындагы «кандайдыр-бир инспекциянын бөлүгүнө» деген сөздөр «инспекциялоого же сыноолорду жүргүзүүгө» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацындагы «кандайдыр бир бөлүгүнө инспекция жүргүзүү үчүн» деген сөздөр «инспекциялоого же сыноолорду жүргүзүүгө» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«11–эскертүү - Субподряд келишимин түзүүнүн негиздери жеңилгис күчтүн кесепетинин күтүлбөгөн жагдайларын, башкача айтканда мындай шарттагы өзгөчө жана алдын алгыс жагдайларды (форс-мажор) камтышы мүмкүн;»;
алтынчы абзацында «инспекциянын курамдык бөлүгү болгон» деген сөздөр «инспекциялоо же сыноолорду жүргүзүү боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев