КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 712 “Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобону  бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 712 “Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 жогоруда аталган токтом менен бекитилген Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жободо:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2. Шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга шайкештикти баалоо иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктар берилет:

- Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө болбогон өлкөлөрдөн алынган шайкештикти баалоонун натыйжаларын таануу боюнча;

- техникалык регламенттердин талаптарына.”;

төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

“21. Ыйгарым укук алууга талапкер болгон шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдын: Кыргыз Республикасында жайгашкан юридикалык жак статусу; ыйгарым укук берүү жааты менен чектеш багытта аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан берилген аккредитациялоо аттестаты; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык жоопкерчилиги болуш керек.”;

- 4-пунктунда:

биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4. ЕАЭБге мүчө болбогон өлкөлөрдөн алынган шайкештикти баалоо жыйынтыктарын таануу боюнча ыйгарым укук алууга талапкер болгон шайкештикти баалоочу (ырастоочу) орган төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек:”;

1 жана 2-пунктчаларынын төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:

“41. Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо боюнча иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укук алууга талапкер болгон шайкештикти баалоочу (ырастоочу) орган төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:

1) шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо жана/же сертификат берүү боюнча иш жүргүзүүгө ыйгарым укук алууга талапкер болгон сертификат берүүчү органда (уюмда) төмөнкүлөр болууга тийиш:

- туруктуу негизде иштөөчү ыйгарым укук берилген жаатта иш жүргүзүү үчүн органдын штатында экиден кем эмес сертификаттуу эксперттердин болушу;

 - көз карандысыз жана калыс  болууга, сертификат алууга билдирме бергендер менен түз же кыйыр байланышта болбоого;

 - ыйгарым укук берилген жаатта иш жүргүзүү боюнча документтештирилген техникалык жол-жоболор, сапат боюнча колдонмо жана алар менен байланышкан жол-жоболордун болушу;

 - иштөөчү жайлардын болушу, ыйгарым укуктуу жаатта ишин жүзөгө ашыруу үчүн аккредиттелген сыноо лабораторияларында сертификатталган сыноолорду жүргүзүүнү камсыздоо;

- купуялуулукту камсыз кылуу жана коммерциялык жана кесиптик сырларды сактоо.

Сертификат берүү жана /же шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча иш жүргүзүүгө ыйгарым укук алууга талапкер орган өз ишинде мамлекеттик (контролдоо) көзөмөлдөө функциясын айкалыштырбоого тийиш.

 Сертификат берүү жана /же декларацияларды каттоо боюнча иш жүргүзүүгө ыйгарым укук алууга талапкер орган 2 жылдан ашпаган мөөнөткө ыйгарым укук алат;

2) ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде каралган шайкештикти баалоонун башка чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө ыйгарым укук алууга талапкер органда:

 - туруктуу негизде иштөөчү ыйгарым укуктуу жаатта иш жүргүзүү үчүн штатында экиден кем эмес сертификатталган эксперттин болушу керек;

-  техникалык жактан компетенттүү жана көз карандысыз  болушу, кызмат көрсөтүлүп жаткан билдирме ээлери менен түз же кыйыр байланышта болбоого;

 - ыйгарым укук берилген жаатта иш жүргүзүү боюнча документтештирилген техникалык жол-жоболор, сапат боюнча колдонмо жана алар менен байланышкан жол-жоболор болууга;

- ыйгарым укуктуу жаатта иш жүргүзүү үчүн иштөөчү жайлар, жабдуулар (зарыл болгон учурда белгиленген тартипте ишенимдүү/калибрленген) болууга;

3) иштин регламенттелген чөйрөсүндө ыйгарым укук алууга талапкер болгон сыноо лабораториясы төмөнкүдөй болууга тийиш:

 -  техникалык жактан компетенттүү жана көз карандысыз  болууга, кызмат көрсөтүлүп жаткан билдирме ээлери менен түз же кыйыр байланышта болбоого;

- туруктуу негизде иштөөчү ыйгарым укуктуу жаатта жогорку техникалык билими бар экиден кем эмес кызматкердин штатта болуусу;

 - ыйгарым укук берилген жаатта иш жүргүзүү боюнча документтештирилген техникалык жол-жоболор, сапат боюнча колдонмо жана алар менен байланышкан жол-жоболор болууга.”;

- 5-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“5. ЕАЭБге  мүчө  болбогон өлкөдөн алынган шайкештикти баалоо жыйынтыктарын таануу боюнча ыйгарым укуктарды алууга талапкер болгон шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча орган ыйгарым укук алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй тиешелүү документтерди берет:”;

- төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:

 “51. Техникалык регламенттердин талаптарын аткаруу боюнча ыйгарым укук алууга талапкер болгон шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча орган ыйгарым укуктарды алуу жол-жоболорунан өтүү үчүн ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй тиешелүү документтерди берет:

1)  сертификаттоо жана /же шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча иш жүргүзүүгө ыйгарым укук алуу үчүн:

 - ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча билдирмени;

- ушул Жобонун  2-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматты;

- сертификатталган сыноолорду жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу же аккредитацияланган сыноо лабораториялары менен келишимдердин тизмесин (продукцияны сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүү учурунда);

- юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк жана уюмдун уюштуруучу документтеринин көчүрмөлөрүн;

 - жеке маалыматтарынын (адистер жөнүндө маалымат) тизмесин, тиешелүү жаатта базалык билимин ырастоочу дипломдорунун, компетенттүүлүк сертификаттарынын жана ишке орношкондугун ырастаган  документтеринин көчүрмөлөрү менен;

- аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан берилген аккредитациялоо аттестатынын көчүрмөсү;

2) ЕАЭБдин техникалык регламенттеринде каралган шайкештикти баалоонун башка чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө ыйгарым укук алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөрдү берет:

 - ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча билдирмени;

- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматты;

- юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк жана уюмдун уюштуруучу документтеринин көчүрмөсүн;

- жеке маалыматтарынын (адистер жөнүндө маалымат) тизмесин, тиешелүү жаатта базалык билимин ырастоочу дипломдорунун, компетенттүүлүк сертификаттарынын жана ишке орношкондугун ырастаган  документтеринин көчүрмөлөрү менен;

- аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан берилген аккредитациялоо аттестатынын көчүрмөсүн;

3) иштин регламенттелүүчү чөйрөсүндө ыйгарым укук алууга талапкер сыноо лабораториясы ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөрдү берет:

- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча билдирмени;

- ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматты;

- уюмдун уюштуруу документтеринин жана юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрүн;

- жеке маалыматтарынын (адистер жөнүндө маалымат) тизмесин, тиешелүү жаатта базалык билимин ырастоочу дипломдорунун жана ишке орношкондугун ырастаган  документтеринин көчүрмөлөрү менен;

- ишенимдүү/калибрлөө жөнүндө күбөлүктөрү менен (зарыл болгон учурда) сыноо жабдуулары менен жабдылгандыгы жөнүндө маалыматты;

- өндүрүш жайларынын абалы жөнүндө маалыматты (зарыл болгон учурда);

- аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан берилген аккредитациялоо аттестатынын көчүрмөсүн.”;

 - 6-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“6. Шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан эксперттик комиссия түзүлөт.”;

- 7-пункту “аккредитациялоо” деген сөздөн кийин “, стандартташтыруу жана метрология” деген сөздөр менен толукталсын.”;

- 9-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- шайкештикти баалоонун натыйжаларын таануу боюнча ыйгарым укук алууга талапкер орган үчүн - аккредитациялоо боюнча улуттук орган менен ыйгарым укук берүү жааты макулдашат;”;

- 9, 10, 12, 13 жана 15-пункттардагы “техникалык регламенттердин талаптарына” деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесиндеги “сертификациялоо боюнча органга (сыноо лабораториясына)” деген сөздөр “иш жүргүзүү боюнча органга”  деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Жобонун 2 жана 3-тиркемелери ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                         М.Д.Абылгазиев

тиркеме