КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-апрелиндеги № 133-б буйругу

Коронавирус (COVID-19) боюнча түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген терс таасирди азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1.   “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна, Кыргыз Республикасында катталган коммерциялык банктарга жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында бөлүнгөн кредиттик каражаттарды кайтарып берүү шарттарын кайра карап чыгуу сунушталсын, атап айтканда:

-     төлөмдөрдү 3 (үч) айдан кем эмес мөөнөткө кийинкиге жылдыруу менен кредиттер боюнча төлөмдөрдүн мөөнөттөрүн кайра карап чыгуу;

-     кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууга байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү эсептебөө жана албоо;

-     кредиттик келишимдерде каралган милдеттенмелерди аткарбоо/талаптагыдай аткарбоо үчүн зайымчыларга айыптык санкция, анын ичинде бышмана (айып/туум) салбоо жана албоо.

2.   Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча:

1)   бюджеттик кредиттерди кайтаруунун төмөнкүдөй шарттарын карап чыксын:

- өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими киргизилгендигине байланыштуу финансы-чарбалык ишин толугу менен токтотуп турган зайымчыларга, алар берген ырастоочу документтердин негизинде өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими киргизилген мезгилге туура келген төлөмдөрдү капиталдаштыруу жана бул төлөмдөрдүн мөөнөттөрүн карызды жоюу мезгилинин аягына пайыздарды эсептебестен тиешелүү түрдө узартуу;

-     финансы-чарбалык ишин токтотпогон, ошону менен бирге өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими киргизилгендиктен финансы-чарбалык ишине начарлоо жагына (финансылык агымдардын өзгөрүшү, продукцияны сатуунун азайышы, абоненттерден жана субзайымчылардан төлөмдөрдүн жетишсиз чегерилиши) кыйыр түрдө таасир тийген зайымчыларга ырастоочу документтердин негизинде төлөмдөрдү 6 (алты) айлык мөөнөткө жылдыруу. Мында мөөнөтү кийинкиге жылдырылган төлөмдөр кийинкиге жылдырылган мөөнөт аяктаганга чейин 12 (он эки) айдын ичинде төлөнө тургандыгы аныкталсын;

-     өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими киргизилген мезгилде финансылык санкциялар (бышмана) эсептелбейт;

2)   “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул пункттан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү эске алсын.

3. Ушул буйруктун 2-пункту бюджеттик каражаттарды кайтаруу шарттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашылган күндөн тартып күчүнө кире тургандыгы белгиленсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                                              М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу