КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-апрелиндеги № 209 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 “Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 “Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:

- 7-пунктунун 1-пунктчасында:

жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “- үч жылдан кем эмес кесиптик айдоочулук стажы жана ден соолугунун абалы тууралуу белгиленген үлгүдөгү медициналык маалым кат (жүргүнчүлөрдү ташыган жеке жактар үчүн) болгон учурда кесиптик иш стажын аныктоо үчүн төмөнкүдөй документтердин биринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгүнүн көчүрмөсү:”;

- төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын: 

“эмгек китепчеси;

жүргүнчүлүк транспорт кызматын көрсөтүү боюнча ишкердик ишти аткарууга ыктыярдуу патенти;”; 

- 16-пунктунун 3-пунктчасы “транспорт каражаттарынын” деген сөздөрдөн мурда “юридикалык жактардын” деген сөздөр менен толукталсын;”. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу