Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 123 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 123 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
- 4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 93, 94, 95, 96, 97, 98, 99, 910, 911-пункттар менен толукталсын:
“93. Эл аралык донорлор тарабынан каржыланган турак жай долбоорлорунун алкагында Программага катышуу үчүн жарандар анкета-арызды жана документтерди жашаган жери боюнча өнөктөш-банктарга беришет.
94. Программага катышуучулардын тизмелерин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыздоо максатында МИК автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу Программага катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүүнүн электрондук формасын киргизет.
Өтүнмөлөрдү берүүнүн электрондук формасын ишке киргизгенге чейин Программага катышуучулардын тизмелери ушул Жобонун 91, 92, 93-пункттарына жана 10-15-пункттарына ылайык түзүлөт.
95. Жарандар Программага катышуу үчүн өтүнмөнү электрондук формада МИКтин расмий веб сайтында каттоо жолу менен, ошондой эле электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү платформалар аркылуу беришет.
96. Өтүнмөнү электрондук формада өз алдынча берүү мүмкүндүгү болбогон учурда, жарандар МИКтин веб сайтындагы автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу өтүнмөнү электрондук формада берүү үчүн шаарлардын мэрияларына (Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо), административдик райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана МИКтин өнөктөш банктарына кайрыла алышат.
97. Автоматташтырылган маалымат системасын колдонуу менен МИКтин веб сайтында иштөө үчүн шаарлардын мэрияларынын (Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо), административдик райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана МИКтин өнөктөш банктарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары МИКтин веб сайтындагы автоматташтырылган маалымат системасында авторизациялоодон өтөт.
98. Жарандар кайрылганда шаарлардын мэрияларынын (Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо), административдик райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана МИКтин өнөктөш банктарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары:
- каттоо үчүн жардамга кайрылган жарандарды веб сайтта каттайт;
- МИКтин веб сайтында катталган жарандарды идентификациялоо жол-жобосунан өткөрөт;
- жеке маалыматтар менен иш жүргүзүү үчүн ушул Убактылуу жобонун 4-тиркемесине ылайык жарандардан жана күйөөсүнөн (аялынан) жазуу жүзүндөгү макулдугун алат;
- Программага катышуу үчүн акыркы электрондук өтүнмөнү түзөт.
99. Шаарлардын мэриялары (Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларын кошпогондо), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана МИКтин өнөктөш банктары жеке маалыматтар менен иш жүргүзүү үчүн жарандын жана күйөөсүнүн (аялынын) жазуу жүзүндөгү макулдугунун түп нускаларын жалпылайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, административдик райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары - Бишкек шаарынын мэриясына жиберет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жеке маалыматтар менен иш жүргүзүү үчүн жарандардын жана күйөөсүнүн (аялынын) жазуу жүзүндөгү макулдугунун түп нускаларын МИКке ар айдын 30уна чейинки мөөнөттө жиберип турушат.
910. Программага катышуу үчүн электрондук өтүнмөнү жана жарандардын жеке маалыматтар менен иш жүргүзүүгө макулдугунун түп нускаларын алгандан кийин МИК “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук аракеттенүү системасы аркылуу ушул Убактылуу жободо каралган тандоо критерийлерине ылайык келишин текшерүү үчүн мамлекеттик органдардан Программанын катышуучулары жана алардын күйөөсү (аялы) тууралуу керектүү маалыматты сурап алат.
911. Каттоо датасына жана жарандардын категорияларынын артыкчылыктыгына жараша МИКтин автоматташтырылган маалымат системасында МИКтин текшерүү жана бекитүү жол-жоболорунан өткөн Программанын катышуучуларынын электрондук тизмеси түзүлөт.”;
- 211-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“211 Программанын катышуучулары МИКтин расмий сайтына катышуучулардын тизмеси жайгаштырылган учурдан тартып Программанын алкагында өнөктөш банктарга кароого керектүү документтерин берүүгө укуктуу болушат.”;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 4-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев