КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 585-токтому

2018-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын газ тармагын жөнгө салуунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 270-беренесинин 4-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2018-жылга жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


 Премьер-министр                                                           М.Д.Абылгазиев