КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-прелиндеги № 139-б буйругу

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине,  «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-мартындагы  № 92-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту «12» деген цифралардан кийин «, 25, 26» деген цифралар менен толукталсын;

- 3-пунктунун экинчи абзацы «12» деген цифралардан кийин «, 25, 26» деген цифралар менен толукталсын;

- жогоруда аталган буйруктун тиркемесинде:

тиркемесинин аталышы «12» деген цифралардан кийин «, 25, 26» деген цифралар менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 211-пункт менен толукталсын:

«

21.1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы».

Премьер-министр                                                               М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу