КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 215 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 458 «Кыргыз Республикасынын облустарындагы, шаарларындагы жана райондорундагы калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиялар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын облустарындагы, шаарларындагы жана райондорундагы калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиялардын ишин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 458 «Кыргыз Республикасынын облустарындагы, шаарларындагы жана райондорундагы калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиялар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын облустарындагы, шаарларындагы жана райондорундагы калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиялар жөнүндө типтүү жободо:

- 7-пунктунун жетинчи абзацы «саламаттык сактоо системасын» деген сөздөрдөн кийин «тиешелүү аймакта» деген сөздөр менен толукталсын;

  • 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«10. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

1) облустун, Бишкек жана Ош шаарларынын деңгээлинде:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, шаардын мэриясынын жооптуу кызматкерлери;

- жергиликтүү кеңештин депутаттары (макулдашуу боюнча);

- төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү:

медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгынын;

саламаттык сактоо органдарынын;

социалдык коргоо органдарынын;

билим берүү органдарынын;

коомдук уюмдардын (макулдашуу боюнча);

2) шаардын жана райондун деңгээлинде:

- мэриянын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жооптуу кызматкерлери;

- жергиликтүү кеңештин депутаттары (макулдашуу боюнча);

- төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү:

финансылык башкаруу органдарынын;

саламаттык сактоо уюмдарынын;

билим берүү уюмдарынын;

ветеринардык жана фитосанитардык кызматтын;

коомдук уюмдардын (макулдашуу боюнча).

Комиссиянын курамына калктын саламаттыгын сактоо маселелери иш чөйрөсүнө кирген мамлекеттик органдардын башка аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү дагы кирет.»; 

- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Төрага жок учурда анын функцияларын Комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат.»;

- 12-пунктунун экинчи абзацы «облустун» деген сөздөн кийин
 «, Бишкек жана Ош шаарларынын» деген сөздөр менен толукталсын;

- 18-пунктундагы «жарымы» деген сөз «жарымынан ашыгы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу