КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-апрелиндеги № 147-б буйругу

COVID-19 короновирустук инфекциясынын жайылышынан улам пайда болгон кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 19, 151 жана 152-беренелерине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20 жана 31-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 55, 56, 57 Кыргыз Республикасынын айрым жерлеринде өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын   22-мартындагы № 93-б буйругуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:

1. Төмөнкүлөр белгиленсин: 

- өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде штаттык режимде иштеген мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине эмгек акы толук көлөмдө эсептелет; 

- өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде аралыктан иштөө тартибинде иштеген мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга кызматтык маянасы, класстык чени жана иштеген жылдары, илимий даражасы жана бийик тоолуу жана алыскы жерлерде иштегендиги үчүн үстөктөр төлөнөт. 

2. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими мезгилинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери:

- штаттык режимде эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн ишке тартылган кызматкерлердин жана жумушчулардын тизмесин аныкташсын;

- аралыктан иштөө тартибинде иштеген кызматкерлердин жана жумушчулардын тизмесин аныкташсын, алардын иш көлөмүн белгилешсин жана аны аткаруунун жүрүшүн контролдоону камсыз кылышсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан эмгек акы төлөө шарттары аныкталган мамлекеттик органдардын жетекчилерине мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана башка категориядагы кызматкерлерге эмгек акы төлөө маселесин ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык кароо сунушталсын. 

4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө абал режимин киргизүү мезгилинде аралыктан иштөө тартибин мыйзам менен бекемдөө жагынан Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун бир айлык мөөнөттө киргизсин.  

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. 

6. Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирет.  

Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу