КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 142-б буйругу

Калкты дезинфекциялоочу жана антисептик каражаттары менен камсыздоо  максатында,  Кыргыз  Республикасынын Салык кодексинин 287-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:

- “Техникалык жана башка максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер” деген III бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 96-100-пункттар менен толукталсын:

“96. “Деташ ЛТД” (“Detas Ltd”) жоопкерчилиги чектелген коому

97. “БиДжи Групп” жоопкерчилиги чектелген коому

98. “АЮ” жоопкерчилиги чектелген коому

99. “Бишкек АлкоПром” жоопкерчилиги чектелген коому

100. “BI Group ltd” (Би Групп лтд) жоопкерчилиги чектелген коому”.

Премьер-министр                            М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу