Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 355 “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинин ишин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 355 “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги жөнүндө жободо:
- 10-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
“- транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо уюмдарынын (автомектептердин) уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан алардын ишин методикалык жактан камсыздайт жана мониторинг жүргүзөт;”;
- 6-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 141-пункт менен толукталсын:
“141.Агенттикте 7 адамдын курамынан турган коллегия түзүлөт. Агенттиктин директору коллегиянын төрагасы болуп саналат. Агенттиктин коллегиясынын жеке курамын министр бекитет.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев