2016-жылдын 28-октябрында Минск шаарында кол коюлган 2009-жылдын 20-ноябрындагы КМШга катышкан мамлекеттердин аймагынан өтүүчү эл аралык транспорттук коридорлорду макулдашып өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду бекитүү жөнүндө
Ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2016-жылдын 28-октябрында Минск шаарында кол коюлган 2009-жылдын 20-ноябрындагы КМШга катышкан мамлекеттердин аймагынан өтүүчү эл аралык транспорттук коридорлорду макулдашып өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик
жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев