2020-жылдын 30-апрелиндеги № 226 “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл” юбилейлик медалы жөнүндө
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоонун урматына, Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуу Жеңишке кошкон эбегейсиз салымын даңазалоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана
17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл” юбилейлик медалы жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл” юбилейлик медалынын сүрөттөлүшү, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтомду жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдар 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылары аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети:
- “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл” юбилейлик медалын жасап чыгаруу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) менен бирдикте юбилейлик медалды тапшырууну уюштурсун.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев