КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 196 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 33-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 476 “Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 456 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 476 “Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                     М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу