КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 228 токтому

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө

Экономика тармактарын жана калкты электр жана жылуулук энергиясы, отун ресурстары менен камсыз кылуу, министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди, административдик ведомстволорду жана республиканын региондорун 2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилинен өтүүгө өз убагында даярдоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызкөмүр” жана “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканалары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана макулдашуу боюнча: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы”, “Электр станциялар”, “Кыргызстандын улуттук электр тармагы”, “Түндүк электр”, “Ош электр”, “Чыгыш электр”, “Жалалабат электр”, “Кыргызнефтегаз”, “Бишкек жылуулук тармагы”, “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомдору (мындан ары – ААК), “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары – ЖЧК) жана “Жылуулук камсыздоо” Ош муниципалдык ишканасы:

Иш-чаралар планын, электр энергиясын жана кубаттуулуктарды керектөөнүн лимиттерин, графиктерди жана тапшырмаларды
 1-21-тиркемелерге ылайык аткарууну камсыздашсын;

2020-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө, белгиленген тартипте бюджеттик мекемелер үчүн отун сатып алууга конкурс өткөрүү боюнча чараларды көрүшсүн жана алар менен келишимдерди түзүшсүн;

2020-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө, жылытуучу буу казандарынын жана отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын алдыда турган күз-кыш мезгилине иштөөгө даярдыгын текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жумушчу комиссияларды түзүшсүн (балансында жылытуу буу казандары жана энергетикалык жабдыктардын башка түрлөрү бар мекемелер үчүн);

ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен ушул токтомдун аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине айдын 1ине карата абал боюнча маалыматты, анын ичинде көмүр сатып алуу боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө, отун камдоо боюнча пландык тапшырмалардын аткарылышы тууралуу, отун базаларын түзүү жана көмүрдүн баасын көрсөтүү менен сатуу пункттарын уюштуруу боюнча маалыматтарды берип турушсун. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине маалымат берүү жана ал маалыматтын тактыгына болгон жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын жетекчилерине жүктөлсүн;

- отун-энергетикалык ресурстарды керектөөдө чыгымдарды азайтуу үчүн энергияны үнөмдөө жана энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу саясатын ишке ашыруу боюнча чараларды туруктуу негизде көрүшсүн.

  1.  “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун конкурстук комиссиялары, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы, “Электр станциялар” ААК (макулдашуу боюнча)
     2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана бул мезгилден өтүү убагында “Кыргызнефтегаз” ААК жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында алынган көмүр жана жагуучу мазут менен камсыз кылуу боюнча конкурска катышууда Кыргыз Республикасында салык жана камсыздандыруу салымдарын төлөө боюнча карыздары тууралуу маалыматты берүү жөнүндө талапты колдонууну убактылуу токтотушсун.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 2020-жылдын 25-майына чейинки мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы берген тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларына көмүр берген Кыргыз Республикасынын көмүр казуучу компаниялары үчүн көмүрдүн баасын белгилесин;

- “Кара-Кече” кени – Балыкчы темир жол станциясы жана Таш-Көмүр шаары – Бишкек шаарынын ЖЭБи маршруту боюнча автортранспорт каражаттары менен көмүр ташуунун баасын аныктасын жана аларды пайдаланууга сунуштасын;

- Ош шаарынын ЖЭБине, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен камсыздоочу филиалдарына жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик бөлүктөрүнө берүү максатында “Кыргызнефтегаз” ААК үчүн “М-100” маркасындагы жагуучу мазутунун баасын белгилесин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) отун базаларынадагы жана калк үчүн көмүр сатуучу пункттардагы көмүрдүн баасын байкап турушсун. Көмүрдүн баасы бир айдын ичинде 20 жана андан көп пайызга кымбаттаган учурда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине мыйзамдарда белгиленген тартипте бааны турукташтыруу боюнча сунуш киргизишсин.

6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан киргизилген сунуштарга мониторинг жана талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча көмүрдүн баасы бир айдын ичинде 20 жана андан ашык пайызга кымбаттаган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү боюнча сунуш берсин.

7.     Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республиканын

бийик тоолуу шарттарында жана жетүүгө кыйын алыскы аймактарында жашаган адамдар үчүн 2020-жылы компенсациялык каражаттарды “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана
  2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде квартал сайын өз убагында бөлүүнү камсыздасын.

8. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):

- керектелген электр, жылуулук энергиялары, жаратылыш газы, көмүр жана жагуучу мазут үчүн өз убагында толук көлөмдө акы төлөөнү камсыздашсын;

- энергетикалык компанияларга аба жана кабелдик электр берүү линиялары өткөн кайтаруудагы зоналарда тоскоолдук жараткан бак-дарактарды кыюуга көмөк көрсөтүшсүн.

9. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы коңшу мамлекеттер (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы) менен чектешкен аймактар боюнча өтүүчү электр берүү линияларын жана магистралдык газ түтүктөрүн пландык же авариялык оңдоо зарылдыгы келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу ремонттук-техникалык персоналды, технологиялык жабдыктарды жана шаймандарды өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн. 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана андан өтүү учурунда “Электр станциялар”, “Кыргызстандын улуттук электр тармагы”, “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Ош электр”, “Жалалабат электр”, “Чакан ГЭС”, “Бишкек жылуулук тармагы”, “Кыргызнефтегаз” ААКларынын, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын, Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасынын, “Жылуулук камсыздоо”
 Ош муниципалдык ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызжылуулукэнерго” жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканаларынын алыш-бериш эсептерин жабуу боюнча чечимдерди кабыл алышпасын.

11. Төмөнкүлөр үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн:

- электр энергиясын жана кубаттуулуктарды керектөө боюнча белгиленген лимиттерди аткаруу үчүн - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына, айыл өкмөт башчыларына, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы”, “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Ош электр”, “Жалалабат электр”, “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКларынын жетекчилерине;

- электр жана жылуулук энергиялары, жаратылыш газы үчүн акы төлөөнү кечиктиргени үчүн – бюджеттик уюмдардын жетекчилерине;

- энергиялык жабдууларга ремонттук-калыбына келтирүү иштерин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү үчүн – “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы”, “Түндүк электр”, “Ош электр”, “Чыгыш электр”, “Жалалабат электр”,  “Кыргызстандын улуттук электр тармагы”, “Электр станциялар”, “Чакан ГЭС”, “Бишкек жылуулук тармагы” ААКларынын, Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын, “Жылуулук камсыздоо” Ош муниципалдык ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын жетекчилерине жүктөлсүн.

12. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан белгиленген 2020-жылга карата пландалган техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыздасын;

- 2020/2021-жылдардагы жылытуу мезгили башталганга чейин буу казан жабдууларынын жана жылуулук тармактарынын оңдоо иштерин аяктоону камсыздасын.

13. “Бишкек жылуулук тармагы” ААКга, Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасына, “Жылуулук менен камсыздоо” Ош муниципалдык ишканасына төмөнкүлөр сунушталсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан белгиленген 2020-жылга карата пландалган техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыздоо;

- 2020/2021-жылдардагы жылытуу мезгили башталганга чейин буу казан жабдууларынын жана жылуулук тармактарынын оңдоо иштерин аягына чыгаруу.

14. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы:

- 2020-жылдын 15-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине көмүрдүн баасын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларына көмүр жеткирген көмүр казуучу компаниялардын тизмесин берсин;

- 2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине өз убагында даярдануу максатында көмүр катмарын ачуу боюнча иштерди толук көлөмдө аткарууну камсыздоо үчүн Кавак күрөӊ көмүр бассейниндеги иштетилип жаткан участокторду кен транспорттук техника менен комплектесин;

- Бишкек шаарынын ЖЭБине берилүүчү көмүрдүн сапатын “Электр станциялар” ААК тарабынан көрсөтүлгөн техникалык мүнөздөмөлөргө шайкеш келтирүүнү камсыздасын.

15. “Кыргызнефтегаз” ААКга төмөнкүлөр сунушталсын:

- 2020-жылдын 15-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине Ош шаарынын ЖЭБине, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен камсыздоочу филиалдарына жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик бөлүктөрүнө берүү максатында “М-100” маркасындагы жагуучу мазутунун баасын белгилөө үчүн эсептик материалдарды берүү;

- Ош шаарынын ЖЭБине, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен камсыздоочу филиалдарына жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик бөлүктөрүнө мүмкүн болушунча кыска мөөнөттүн ичинде жагуучу мазутту зарыл болгон көлөмдө берүүнү камсыз кылсын.

16. “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКга төмөнкүлөр сунушталсын:

- “Электр станциялар”, “Кыргызстан улуттук электр тармагы”, “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Ош электр” жана “Жалалабат электр” ААКлар менен бирдикте:

республиканын керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча чараларды көрүү;

бюджеттик керектөөчүлөрдүн карыздарын жана республиканын бийик тоолуу шарттарында жана  жетүүгө кыйын алыскы аймактарда жашаган адамдарга 2019-жылдын төртүнчү кварталы үчүн төлөнүүчү компенсацияны эсепке албастан, 2020-жылы электр тармактарында электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлин: “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКда – 5,0 % чейин, “Түндүк электр” ААКда – 10,0 % чейин, “Чыгыш электр” ААКда - 11,8 % чейин, “Ош электр” ААКда - 10,4 % чейин, “Жалалабат электр” ААКда - 10,4 % чейин азайтууну жана дебитордук карыздарды 25% чейин азайтууну камсыз кылуу;

- “Электр станциялар”, “Кыргызстандын улуттук электр тармагы”,  “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Ош электр”, “Жалалабат электр”, “Чакан ГЭС” ААКлар менен бирдикте 2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан белгиленген пландык техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыздоо;

- “Көк-Жар” турак жай конушунун көп батирлүү турак үйлөрүн альтернативдүү жылуулук жөнүндө маселе чечилгенге чейин электр энергиясы жана электр жылуулук менен камсыздоо чараларын кароо.

17. “Кыргызстандын улуттук электр тармагы”, “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Ош электр”, “Жалалабат электр”, “Бишкек жылуулук тармагы” ААКларга жана “Газпром Кыргызстан” ЖЧКга төмөнкүлөр сунушталсын:

- саламаттык сактоо объектилеринен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринен жана объектилеринен, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин кошуундарынан, бөлүктөрүнөн, мекемелеринен жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынан тышкары, электр жана жылуулук энергиясы, жаратылыш газы үчүн дебитордук карыздары бар керектөөчүлөргө жана электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттеринен ашык чыгымдалышына жол берген бюджеттик уюмдарга карата белгиленген тартипте тийиштүү чара көрүү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары менен бирдикте электр энергиясын жана кубаттуулуктарды пайдалануу лимиттеринен ашырууга жол бербөө;

- “Жылуулук менен камсыздоо” Ош муниципалдык ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргыз жылуулук энегро” мамлекеттик ишканасынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасынын технологиялык объектилерин буу казан жабдууларын оңдоо жана 2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилинен өтүү убагында өз ара кепилдик жана башка милдеттенмелерди сактоо менен электр энергиясынан өчүрбөө.

18. “Газпром Кыргызстан” ЖЧКга төмөнкүлөр сунушталсын:

- 2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын ЖЭБин, Ош шаарынын ЖЭБин жана Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүн жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин газ менен камсыздоо жана газдаштыруу боюнча башкы схеманын алкагында 2020-жылга карата Инвестициялык программанын аткарылышын камсыздоо;

- 2020-жылга карата Инвестициялык программанын аткарылышы боюнча маалыматты ай сайын Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине берүү.

19. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) “Газпром Кыргызстан” ЖЧКга Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин газ менен камсыздоо жана газдаштыруу боюнча башкы схеманын алкагында 2020-жылга карата Инвестициялык программаны ишке ашырууга көмөк көрсөтүшсүн.

20. “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Ош электр”, “Жалалабат электр” ААКларга жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте электр энергиясын жана кубаттуулугун пайдалануу лимити ашып кеткен, негизги жабдууга күч келген, электр энергиясынын кубаттуулугунун тартыштыгы пайда болгон учурларда колдонуу үчүн электр тармактарына күч келүүнү жеңилдетүүнүн графиктерин иштеп чыгып “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКга берүү сунушталсын. 

21. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 210 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-октябрындагы № 516 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 210 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы № 544 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдонун жүрүшү жөнүндө” токтому.

22. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. 

23. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев  

                                                                                                                                                                                                                                                                                      тиркеме