Сырткы видеобайкоо системасына коюлуучу техникалык талаптарды бекитүү жөнүндө
“Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Сырткы видеобайкоо системасына коюлуучу техникалык талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыккан зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев