Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-мартындагы № 92-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда «26-апрели» деген сөздөрдөн кийин «, 2, 3, 4-майы» деген сөздөр менен толукталсын;
-.3-пунктундагы экинчи абзацында «26-апрели» деген сөздөрдөн кийин «, 2, 3, 4-майын» деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган буйруктун тиркемесинде:
тиркемесинин аталышында «26-апрели» деген сөздөрдөн кийин «, 2, 3, 4-майы» деген сөздөр менен толукталсын.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев