КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 590-токтому

2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Биргелешкен бажы кеңешин түзүү боюнча  өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Биргелешкен бажы кеңешин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө тиркелген меморандум бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жогоруда аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө түркия тарабына кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жогоруда аталган Меморандумду ишке ашырууга жооптуу орган катары аныкталсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу