КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 164-б буйругу

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча) үчүн 2020-жылдын 10-майы иш күнү деп белгиленсин.

2. Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери тез арада:

- 2020-жылдын 10-майы иш күнүндө иштөөчү кызматкерлердин (кызматчылардын) тизмесин аныкташсын; 

- ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн. 

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                М.Д.Абылгазиев