Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) андан ары жайылышын алдын алуу жана калктын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын 2020-жылдын 8-майындагы № 2 чечимин көңүлгө алуу менен, “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2020-жылдын 11-майынан тартып өзгөчө буйрукка чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын, Нарын облусундагы Ат-Башы районунун аймагында, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилсин.
2. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Ат-Башы жана Чаткал райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 197 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо тармагында чектөөчү/карантиндик чараларды киргизүүнүн жана ишке ашыруунун тартибине ылайык зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев